• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өлкөгө аткезчилик жолу менен алынып келген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү унаа кармалды

28 Үчтүн айы 202012:04 Бишкек Govori.TV

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз катчылыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, м амлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 1 648 220 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрулүп берилди.

Количество просмотров: 106