• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Өлкөгө Казакстандан келгендер үчүн ПЧР тест талап кылынбайт

6 Үчтүн айы 2022 14:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Казакстандан келгендер үчүн ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабын алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чара Казакстанда кырдаалдын курчуп кеткендигине байланыштуу кабыл алынган.

Ошондой эле КР ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандарына кайрылып, өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырды.

Теги:
Количество просмотров: 120