• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ПЧР-тест боюнча жасалма сертификат берген жеке лаборатория аныкталды

21 Бирдин айы 2022 10:31 Бишкек Govori.TV

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-февралында УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган материалдардын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы “Medicana Plus” диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.

«Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиякассада иштеген кызмат адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн, ПЦР-тесттинин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды.

Ковид-19 үчүн ПЦР тесттерине муктаж болгондор, ПЦР-тесттеринен өтпөстөн, “Medicana Plus” лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга “Whats app” мессенджери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган, аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР-тесттерин жүргүзүп, “Finca Elsom” төлөм системасынын терминалдары аркылуу “Medicana Plus” компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 119