• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өлкөгө жыл башынан бери дээрлик 4 млн турист келди

26 Теке 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын ушул аралыгында туристтердин саны 1 млн 852 миң 412ни түзгөн.

“Туризмден 4 млрд 332,4 млн сом түшүп, ал ИДПнын 2,9 пайызын түздү. Туристтик кызмат көрсөтүү — 49,5 млн сом, инвестиция — 584,8 млн сом, туристтик ташуулар — 1 млрд 932 сом, соода-сатык — 3 млрд 901,3 млн сом, тамак-аш — 1 млрд 717 млн сом, туристтик агенттиктер — 291,6 млн сомду түздү”, — дейт министр.

Количество просмотров: 71