Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн
8 Бирдин айы 2024 11:15 Бишкек Govori.TV
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-февралдан 9-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле төмөнкү ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.