• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үлпөт тойдо асманга ок чыгарган жигит кармалды

19 Баш оона 2020 12:18 Бишкек Govori.TV

Үлпөт тойдо эки жашка ок атуу менен бакыт каалап, асманга тапанча менен ок чыгарган жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну  көп адамдарды чогултуп той өткөрбөө боюнча эскертүү берилгенине карабастан уулуна үлпөт той берген. Тойдо белгисиз жаран асманга ок чыгарган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө тойдо курал колдонгон жарандын аты-жөнү такталып, ал Алай районунун Жаӊы-Арык айылынын тургуну 20 жаштагы Ж.Э.у. аттуу жаран болгон. Ал кызматкерлер тарабынан кармалып келип, 18-августта Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда үлпөт той өткөргөн үй-бүлө мүчөлөрү, тойго катышкан жарандарды суракка алуу уюштурулуп, тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө үлпөт тойдо «Нурик, родной бактылуу бол» деп асманга тапанча менен ок аткан жигиттин видеосу тараган болчу.

Количество просмотров: 395