• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лука Модрич ФИФАнын версиясы боюнча 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды

25 Аяк оона 2018 9:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
«Реал Мадрид» футбол клубунун жана Хорватиянын жарым коргоочусу Лука Модрич ФИФАнын версиясы боюнча 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды.

Мыктыларды аныктоо боюнча уюштурулган FIFA Best 2018 иш-чарасы 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Лондон шаарында өттү. «Жылдын мыкты оюнчусу» наамына 10 футболчу талапкер болгон. Финалдык үчилтикке Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Мохамед Салах кирген. Мыкты оюнчуну курама командалардын капитандары жана башкы машыктыруучулары аныктады. Лука Модрич 29,05% добуш алып, 1-орунду ээлесе, Роналду 19,08% добуш менен 2-орунду, Салах 11,23% добуш менен 3-орунду алды.

Лука Модрич мурда да УЕФА версиясы боюнча Роналду менен Салахты жеңип, «Европанын мыкты оюнчусу» деп табылган болчу.

Количество просмотров: 25