• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лукашенко Жээнбековдун адамдык сапатын жогору баалады

25 Бирдин айы 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

Белорус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду өтө маданияттуулугун баалап, калкыбызды аны колдоого чакырып өттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Ал абдан маданияттуу адам. Кудай деле кыйын мезгилдерде керек учурда, керек жерде ошол элге жардамы тийчү адамды жиберет эмеспи. Мен үмүттөнөм жана ишенем, силер бул кишинин жанында болуп, колдосоңор, көптөгөн ийгиликтерге жетесиңер”,- деп Лукашенко өлкө жетекчибиздин адамдык касиетине жогору баа берип өттү.

Мындан сырткары Белоруссия дайыма Кыргызстан менен өнөктөш гана эмес, достук мамиледе болоорун кошумчалады. “Албетте достук мамилебиз сакталат. Кантсе да көптөгөн жолду бирге басып өттүк, айрыкча, Улуу Ата-Мекендик согуш учурун баса белгилесек болот”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев.

Количество просмотров: 21