• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Лунара Мамытова кызматынан кетет

5 Кулжа 2018 9:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Өкмөткө караштуу Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова ээлеген кызматынан бошотулат. Бул тууралуу өздүк булактарыбыздан белгилүү болду.

Алардын маалыматына таянсак, жакын арада кесиби журналист, “Бирбол”  партиясынан парламентте депутат болгон Лунара Мамытова башка кызматка которулмакчы. Ал эми анын ордуна бир жума мурда  Бишкек шаарынын вице-мерлик кызматын күтүүсүздөн өткөрүп берген Айгүл Рыскулова келмекчи.

Эске сала кетсек, жакында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттөгү социалдык блокту аялдарга берген туура эмес саясат экенин айтып, “үйдө деле социалдык муктаждыкты эркектер камсыздап, иштеп, таап келген сыяктуу социалдык тармактарды дагы мырзаларга башкарттуруу керек” деп айткан болчу.

Количество просмотров: 39