• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

8 Тогуздун айы 2018 18:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу «Govori.TV» агенттигине өздүк булактар кабарлады.
Бирок, өкмөттүн басма сөз катчылыгы бул  тууралуу азырынча эч нерсе айта албай тургандыгын билдирди.
Бүгүн, Аида Касымалиева, Лунара Мамытова быйылкы жылдын апрель-май айларында АКШга билимин өркүндөткөнү барганын, ага 440 миң сомго жакын каражат кеткенин жарыялаган.
Бул акча Бүткүл дүйнөлүк банктан мамлекетке кредит катары берилген.
Эскерте кетсек, Мамытова  пенсионерлер каражат топтоп, чет өлкөлөргө саякаттаса болот деп пост жазган. Орточо пенсия 5 миңден араң ашкан Кыргызстанда министрдин орун басарынын орунсуз билдирүүсү жарандарды кыжырдантты. Айрымдар чиновниктин отставкасын талап кылышып, анын отургучуна татыктуу эмес деп билдирип чыгышкан. Бирок, Лунара Мамытова бул билдирүүсү коомчулукка туура эмес тарап кеткенин айтып маек берген эле.
Количество просмотров: 27