Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видеосу тууралуу өз пикирин билдирди.
«Түрк элчиси ифтарга алдын ала ким бараарын тактап алса болмок. Чакырган жерге баргандан кийин мындай кылуусу, муфтият үчүн да, деги эле эл аралык мамиледе кызыктай абал жаралды»,- деди ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров.