• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

М.Горький атындагы сейил багында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

4 Жетинин айы 2019 9:10 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы Максим Горький атындагы сейил багында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, паркка брусчатка төшөлүп, жаңы отургучтар менен таштанды челектер орнотулат. Мындан сырткары,сквердин жарык берүүчү жайлары жаңыртылып, арыктар, жолдору оңдолот.

Кошумчалай кетсек, «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын архитекторлору буга чейин долбоордун эскизин даярдап, коомдук талкууга алып чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 56