• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Манас» аэропортунда каттамдар кармалууда

2 Бирдин айы 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу бир катар каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Шарджа (БАЭ) шаарынан келчү учак саат 3.20да, Москва шаарынан 4.50дө, Стамбул шаарынан 9.50дө конмок. Туманга байланыштуу аларды кондуруу мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат.

«Бардыгы саат тогуздан жана ондон өтүп конушат. Учактар келе электигине байланыштуу ушул эле шаарларга каттамдар кармалып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 92