• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Манас» аэропорту: Алматыга каттам эртеңкиге жылдырылды

5 Үчтүн айы 202222:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-январь күнү кечинде Бишкек — Алматы багыты боюнча каттам эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, авиакомпания саат 20.15теги каттамды эртеңкиге жылдырылган.Ошондой эле абамайдандын онлайн-таблосундагы маалымат боюнча Алматыдан саат 20.00дө учуп келчү учак кармалып жатат.

Буга чейин Казакстанда нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралдык аэропортун басып алганы айтылган.

Количество просмотров: 204