• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мүлк салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

3 Аяк оона 202416:35 Бишкек Govori.TV

1-сентябрга чейин салык төлөбөгөн мүлктүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.

Эми өлкө аймагында транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддерге салыкчылар жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте чыгышат.

Количество просмотров: 139