• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
60kg FS — Omurbek Asan Uulu (KGZ) df. Jordyn Paul Raney (USA)

Өмүрбек Асан уулу адамгерчиликтин бийик үлгүсүн көрсөттү

25 Баш оона 202416:55 Бишкек Govori.TV

Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта финалга чыккан Өмүрбек Асан уулу адамгерчиликтин бийик үлгүсүн көрсөттү. Ал жаракат алган атаандашын килемден көтөрүп кетип, көпчүлүктүн алкоосуна татыды.

Жарым финалда кыргызстандык балбан америкалык Жордин Пор Рэнини далысын жерге тийгизип, жеңип алды. АКШдан келген спортчу алган жаракатынан бутуна тура албай жатканда, Өмүрбек Асан уулу америкалык спортчуну килемден көтөрүп кетти.

Кыргызстандык жаш балбан Өмүрбек Асан уулу Иорданиядагы дүйнө чемпионатында 17 жашка чейинки спортчулар арасында, 60 килограмм салмакка чейинкилер менен күч сынашты. Ал япониялык, украиналык, америкалык атаандаштарын жеңип, финалга чыкты.

Количество просмотров: 182