Кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Бул күндөрү Иорданиянын Амманда шаарында 17 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө.
Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Япония, Украина жана АКШдан келген спортчуларды 4 жолу жеңип алган.
Финалда кыргызстандык азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.