• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өмүрбек Бабанов атканада чыккан өрт тууралуу үн катты

7 Бирдин айы 2021 15:56 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов атканадагы чыккан өрт тууралуу кыскача маалымат берип, фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

«Менин атканамда болгон өрт тууралуу маалыматтар таркай баштады!
Бул маалымат ар башкача чечмеленип, ар кандай божомолдор жаралып жатат. Андыктан бул факт боюнча билдирип коюуну чечтим.

Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.
Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз. Ыракмат!

Мени колдогон сөздөр үчүн тынчсызданган адамдардын бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өрт өчүрүү кызматына ыкчам келгендиги үчүн ыраазычылык билдирем!», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 4662