• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өмүрбек Бабанов эки айга камалды

2 Кулжа 2021 17:42 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карап, аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук комитети Кумтөр ишине байланыштуу кармаган.

Атайын кызматы мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Алардын да бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Ал эми 31-майда, кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

Количество просмотров: 375