• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өмүрбек Бабанов келсе саясатка аралашабы же жокпу?

12 Бештин айы 2018 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV

Мурдагы депутат жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго козголгон иш жабылыш керектигин экс-президент Алмазбек Атамбаев»Апрель» телеканалына берген маегинде  айтып чыгып, бул окуя копчулуктун  конул борборунда болууда.

Эске салсак Омурбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өзү дагы саясат менен коштошкондугун айткан.  Учурда коомчулукта Өмүрбек Бабановдун жаны жылдын алдында келе турганы айтылууда. Бирок, саясатка аралашабы же жокпу ал тууралуу кеп жок.

Бул маселе Жогорку Кеңешке жетип, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго саясий куугунтук болгонун аныктоо максатында УКМК жана башкы прокуратура кызматы жалпы жыйынга чакырылган.

Парламенттеги депутаттар да өз ойлорун билдиришти. Эл өкүлү Аалы Карашев эгерде Бабановго козголгон иш мыйзамсыз болсо, анда аны козгогондор жоопко тартылышы керектигин айтты.

Кошумчалай кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев камактагы депутат Өмүрбек Текебаев тууралуу да пикир айтты эле. А бирок бул тууралуу “Ата-Мекенчилер” азырынча үн ката элек.

Количество просмотров: 28