• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бабановдун өлкөгө келүүсүнө саясий тоскоолдук барбы?

17 Тогуздун айы 2018 18:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.10.2018. Govori.TV
Бир жыл мурун президенттикке ат салышкан Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден тарта кайрылып келе элек. Мындан улам Жогорку Кеңеште бул маселе көтөрүлүп, Бабановдун кайрылып келүүсүнө саясий тоскоолдук жаратпоо керектигин айтышууда.
Бир жыл мурун президенттик шайлоодон кийин, Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча, кайра келе элек. Жакында эле Бабанов президенке кайрылуу жасаганы белгилүү.
“Мамлекет башчыбыз экинчи жолу шайлоонун негизинде алмашты. Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт, эл бийлигин – демократиябызды түптөөгө бул абдан маанилүү. Элимди дал ушул жетишкендик менен куттуктагым келет! Терең ыраазычылыгымды дагы бир жолу бүткүл элиме жана шайлоочуларыма билдиргим келет – 568 миң 665 мекендешим,  бардык кыйынчылыктарга карабай «Алдыга жол» үчүн бекем туруп берген!”
Буга чейин депутат Руслан Казакбаев дагы президентке кайрылуу жасап, анда Бабановдун иш-аракетине калыс баа берүүнү айткан.
«Бабановдун кайрылып келүүсүнө эч кандай тоскоолдук болбошу керек»,-деп эсептейт депутат Максат Сабиров.
«Бабановдун эмне үчүн өлкөгө келбей жатканы белгисиз. Анын кайрадан саясатка кайтууга дагы укугу бар»,-дейт эл өкүлү Шыкмаматов.
«Саясаттан кеткенден кийин бизнес жактан деле өлкөгө салым кошсо болот»,-деп кошумчалады Максат Сабиров.
Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен кеткен.
Эгерде шайлоодон кийин Бабанов качып кетпесе өлкөдө кенен эле жүрмөк. Ал өзү шайлоочулардын ишенимин актай алган жок.

Количество просмотров: 42