“Чыңгыз Айдарбеков — белгилүү советтик мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы , Кыргыз АССРнин Эл чарбачылыгынын Борбордук Кеңешинин төрагасы жана Кара-Кыргыз АССРнин Башкы Сотунун төрагасы Иманалы Айдарбековдун небереси. Чыңгыз чоң атасынын татыктуу небереси. Мен аны мактай гана аламын. Анын жеке мамилеси да элчиникиндей, сылык-сыпайы”,-деп белгиледи Кайрат Осмоналиев.
«Кадр саясатында, жаш болсо дагы, билимдүү болсо дагы, өкмөткө мамлекетке башкарууга келүүсү эч кандай маанилүү ролду ойнобойт. Себеби мамлекетте бүгүнкү күндө бир маанилүү өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн, аны дурусураак нукка буруу үчүн көп жаңы көз караштагы кадрлар керек. Ал жок дегенде өкмөттүн, президенттик администациянын, Жогорку Кеңештин жок дегенде 50 пайызы, ошондой көз караштагы адамдар болуусу керек. Анан кийин бир жаш жигитти, билимдүү болсо дагы аны алып келгенден эч кандай өзгөрүү болбойт. Бул жигит Мурдагы министрлердей эле иштейт. Аны билимине карап алып келген жок, анын негизги критерийи “биздин айтканыбыздан чыкпайт, биздин айтканыбызды кылат”, бирок, билимдүүрөк, элге алып чыкканга, эл аралык коомчулукка айтканга жакшы болот”,-деген гана максат менен алынып келип атат да. Ошондуктан Тышкы иштер министрлигинде дагы, жалпы өкмөттүн курамында дагы эч кандай маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келе албайт. Мурдагыдай эле иштейт. Мурдагыдай эле алып кел, барып кел менен иштей турган болот. Өз алдынча кандайдыр бир идеяларды ишке ашырууга, чечим кабыл алууга өкмөт дагы, президенттин тегереги дагы эч кандай жол бербейт”,-дейт Равшан Жээнбеков.
https://www.youtube.com/watch?v=TCwvzHiY2TA&feature=youtu.be