• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: «КСДП» партиясынын качып кеткен бугалтери кайтып келсе, анын коопсуздугу камсыздалат

27 Жетинин айы 2018 17:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.11.2018.  Govori.TV
«КСДП» партиясынын шайлоо алдындагы бугалтери Кыргызстанга кайтып келип, ИИМ ге кайрылса анын коопсуздугу жана объективдүү иликтөө иштери жүргүзүлөөрүн ИИМ убада кылат. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Милиция кызматкерлер экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 19-ноябрда “Апрель” телеканалына берген маегине байланыштуу маалыматтарды текшерүү улантыларын билдирди.
Атамбаевдин маегинде “КСДП” партиясынын мурдагы бугалтеринин өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгына байланыштуу качууга аргасыз болгон. Качуунун себебин шайлоо алдындагы коротулган чыгамдар тууралуу документ жарыялаганы себеп болгону айтылат.
“ИИМ бардык белгилерге катардагы жаран болгондугуна карабай, өз убагында көңүл бурууга милдеттүү. Же болбосо жеке өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жогорку кызмат ордунда болгондугуна карабастан текшерүүгө алынат”,-деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү фактылар аныкталган. Мамлекеттик чек-ара кызматы тарабынан КСДПнын шайлоо алдындагы бугалтери өлкө аймагынан чыгып кеткени белгилүү болгон.
Количество просмотров: 35