• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Өмүрбек Бабановго оор кылмыш иши козголду

29 Жалган куран 2018 10:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.03.2018.Govori.TV

УКМКнын тергөө башкармалыгы бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин өзүнчө бөлдү.

Парламент депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Аны менен бирге дагы үч адам айыпталууда. Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын шылтоолоп,  талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен бийликти күч менен басып алууну даярдашкан деп айыпталууда.

Массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча   Өмүрбек Бабановго байланышкан кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, тергөө иштери башталды,-дейт УКМК. Мындан мурда Башкы прокуратура тарабынан Өмурбек Бабановго улут аралык жана дин аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын «Амир-Тимур» кичи районунун жашоочулары менен жолугуп жатып, өзбек улутундагыларга «тизелеп жашагандан көрө, тик туруп өлгүлө»— деген.

Количество просмотров: 21