Коррупциянын уюгу энергетика тармагында болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «КСДП» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бакиров билдирди.
Анын айтымында, энергетика тармагын кылдаттык менен карап чыгуу үчүн комиссия түзүү керек.
«Бул электр тармагындагы баш аламандыкты жакшы билебиз. Канчалаган аткаминерлер коррупциянын айынан түрмөдө отурат. Бүгүнкү күндө ушул тармакта алдыга жылуу жок. Тескерисинче талкаланып, таланып-тонолуп жатканын көрүүгө болот. Улуттук энергетикалык холдингдин» ордуна Энергетика министрлигин түзүшүбүз керек», -дейт депутат Бакиров.