Парламенттин экс-спикери Абыганы Эркебаев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда бошонушу мүмкүн экенин айтты.
Абдыганы Эркебаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, түрмөдө жаткан саясатчылар жана мамлекеттик ишмерлердин соттук иштерин текшерип чыгуу боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады.
Абдыганы Эркебаев Өмүрбек Текебаев быйыл 60 жашка чыгарын белгилеген.
Өмүрбек Текебаев орус жаранынан 1 миллион доллар пара алган деп күнөөлөнүп, жазасын өтөп жатат. Саясатчы муну саясий куугунтук деп атап, Алмазбек Атамбаевдин өч алуусу экенин айтып келет.