• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Атайын кызмат Текебаевдин жоголгон телефону “УКМКнын жанында” деген маалыматты чагым деп атады

1 Бештин айы 202122:43 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга атайын кызматтын тиешеси жоктугун билдирди. Бул тууралуу мекеменин пресс-релизи таратылды.

Атайын кызмат бул кол салуудан кийин Текебаевдин жоголгон телефону “УКМКнын жанында” деген маалыматка комментарий берип, аны чагым деп атады.

УКМК саясатчыларды жана алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерге барбоого чакырып, жалган жалаа жана чагымчылык үчүн жоопкерчиликти эскертти.

Количество просмотров: 1773