• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

3 Бирдин айы 2022 13:01 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Маалыматты “Ата Мекен” партиясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев элчи болуп бекитилди. Саясатчынын элчи болгону тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акмаан айылында туулган. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайынын юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1981 — Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими
  • 1981-1983 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
  • 1984 — Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими
  • 1986 — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин лаборанты, ага препаратору, ага лаборанты 
  • 1987-1991 — орто мектептин физика жана математика мугалими, методист Базар-Коргон райондук эл арагартуу бөлүмүнүн методисти
  • 1991 — Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо башкармалыгынын жетекчисиө
  • 1991-1992 — «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы 
  • 1991-1993 — КРдин жаңы Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын жана анын жумушчу тобунун мүчөсү
  • 1991 — СССРдин Жогорку Советинин мүчөсү, юридикалык маселелер боюнча републикалар кеңешинин мүчөсү
  • 1992-1994 — Жалал-Абад облустук администарция башчысынын орун басары 
  • 1994-жылдан атртып —»Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы
  • 1994 — Конституциялык кеңештин мүчөсү, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышындагы депутаты
  • 1995-2000 — Жогорку Кеңештин I чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы
  • 2000-2005 — Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты 
  • 2000-2001 — Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары
  • 2002 — Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары
  • 2005-2007 — Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты депутаты 
  • 2005-2006 — Жогорку Кеңештин төрагасы
  • 2006 — Конституциялык кеңештин төрагасы
  • апрель-июль, 2010 — Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, өлкөдө конституциялык реформаларды жүргүзүүгө жоопту — Конституциялык кеңештин төрагасы
  • октябрь, 2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Соициалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, «Ата Мекен» парламенттик фракциянын төрагасы.
  • январь,2012 — КРдин сот системасын андан ары реформабоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комитеттин башчысы.
  • октябрь, 2015 — «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Количество просмотров: 1175