• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өмүрбек Текебаев өзүнүн териси жөнүндө эмне деген?

3 Бештин айы 2018 11:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Өзүңө карата айтылган сын-пирирлерге кантип коңүл бурбай койсо болоорун экс-вице-премьер-министр Даир Кенекеев alakan.biz. басылмасына берген маегинде айткан.
Анын айтымында, ал дал ушундай суроону 2011-жылы «Ата Мекен» фракциясынын лидери  Өмүрбек Текебаевге берген.
-«Сизди аябай эле шыбап жазып жатышат. Ага кантип чыдап жатасыз. Мен жөнүндө бир эле жолу жазып коюшту эле, түнү менен уктабай чыктым»,-десем, ал: Биринчиден мен ал гезиттерди окубайм. Экинчиден менен терим «бронированный» болуп калган, ошондуктан ага реакция кылбайм. Үчүнчүдөн ал жалган, фактысы жок жазылууда.Эгер жазган киши ошондон ырахат алса, анда жаза берсин»,- деп койгон. Ошондон бери ал кишинин акылын колдонуп келе жатам.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып журналист Текебаевди кармап кеткендиги тууралуу суроо бергенде Кенекеев ал күнү Таласта болгонун айтып, бул туурулуу эч нерсе айта албастыгын билдирген.
Белгилей кетсек, Текебаев тууралуу да ар кандай маалыматтар социалдык тармактарга чыгып турган.
Количество просмотров: 15