• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаев жаңы кызматка дайындалабы?

18 Баш оона 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Бул тууралуу маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, саясатчыга элчи болууга сунуш түшкөн жана керектүү документтери чогултулуп, Германияга кароого жөнөтүлгөн. Элчиликке дайындалуу боюнча акыркы чечимдин 10-сентябрга чейин чыгуусу күтүлүүдө.

Азырынча бул маалыматты Өмүрбек Текебаевдин өзүнөн тактоо мүмкүнчүлүк болгон жок.

Количество просмотров: 1528