• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү маселеси каралат

5 Үчтүн айы 2019 13:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.01.2019.Govori.TV.

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү тууралуу экс-президент Роза Отунбаеванын кайрылуусун президенттин аппаратынын профилдик бөлүмү карайт.

Андан ары тиешелүү процедуралар ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосунан өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирген.

Маалыматка караганда ырайым берүү боюнча комиссия тиешелүү чечим чыгаруунун мөөнөтүн аныктайт. Талапка ылайык, ырайым берүү өтүнүчү менен жеке тараптар кайрылса эки жума, юридикалык тараптардан кайрылуу түшсө бир айдын ичинде каралат.

Ошондой эле ырайым берүү өтүнүчү менен камактагы адам өзү дагы арыз менен мамлекет башчысына кайрылууга тийиш.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев ырайым берүү өтүнүчү менен Президентке кайрылбай турганын айткан. Бирок, бардык фракция башчылары колдогон Роза Отунбаеванын демилгесине ыраазычылык билдирген. 

Количество просмотров: 3