Депутат Иса Өмүркулов Айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуев жетекчи болуп келгени мекеменин ишинде эч кандай өзгөрүү болбой жатканын айтты.
«Баланча гектар жерден түкүнчө картошка алынды, түкүнчө жерден баланча буудай алынды дейт, бул министрдин жасай турган жумушу эмес да. Министрлик биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүшү керек. Эгерде коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабыла турган болсо, азык-түлүк тартыштыгы башталат, анан силердин кандай иштегениңерди көрөбүз», — деди ал.
Ал эми депутаттын суроосуна жооп берген министр: «Ырас, айыл чарба тармагында көйгөйлөр көп. Менин министр болуп иштегениме 9 ай эле болду, буюрса жакшы натыйжалар болот», — деп жооп берди.