Импичментти көтөргөн адамдар элди карама-каршы кылып, козутуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов билдирди.
Импичмент деп айткандар жөн эле тийиштик кылып жатат да. Булар элди карама-каршы кылып, элди үгүттөп жатат. Ага такыр эле негиз жок. Журналисттердин иликтөөсү, аткезчилик маселеси бар, аны эч ким каткан жок. Тескерисинче иликтөөгө бийлик кызыктар, — деди Өмүркулов.