Бишкек. 20.12.2018. Govori.TV
“КСДП” фракциясы өткөн аптада кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы төраганын орун басары кызматынан четтетишкен. Анын вице-спикерликтен алунун себебин, экс- президенттин кол тийбестигин алууда каршы добуш бергендиги айтылган.
“КСДП” партиясы билдирүү таратып, фракциянын кезексиз отурумун мыйзамсыз өткөндүгүн билдирген эле.
Бул туурасында аталган партиянын, парламенттеги фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов эч кандай мыйзамга каршы иш болбогонун айтып, депутаттардын сунушу менен болгону ротация кылуу айтылганын билдирди.
“ Фракция жыйыны жума күнгө белгиленип, отурумга бары чакырылган. Кворум болгон. Айрым депутаттардын сунушу боюнча ротация маселеси айтылып, мүчөлөрдүн көпчүлүгү бир добуштан колдоп, сунуштадык”,-дейт Өмүркулов.