• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте ресторандын мыйзамсыз курулушу алынды

12 Үчтүн айы 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Элебаев №60 дарегиндеги тротуар сызыгынан ашып кеткен мыйзамсыз курулуш алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Түрттүрүү «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.

Текшерүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, «Кадастр»  мамлекеттик мекемесинин, мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын адистери тарабынан жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлүп 47 чарчы метр аянтты түзгөн курулуш түрттүрүлдү.

Количество просмотров: 164