Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.
Өмүрбек Бабановго тагылган айыптар тууралуу 40тан ашуун сөздөргө анализ жүргүзүлгөн. Анда улуттар аралык мамилени тескерисинче чыңдоого үндөгөн чакырык болгон. Бул улуттар аралык мамилени козутууга негиз жок экенин далилдейт.
«Тизе бүгүп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы»,-деген сөз айтылган. Бул сөздү экс-президент Алмазбек Атамбаев 7 жолу айткан. Бул сөздү бир киши айтса эч нерсе эмес. Ал эми экинчи адам айтса кылмыш-ишинин козголушу адилеттүүлүккө жатпайт».
Мындай билдирүүнү филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева айтты. Ал «тарых эч качан кечирбейт. Ал кекчил болот»,-деди.