• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Үмүт» кыймылы: Өлкөдө Конституция тебеленип жатат

5 Жетинин айы 2020 11:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 5-ноябрда Бишкек шаарында «Үмүт» деп аталган кыймыл жыйын өткөрүп, өлкөдө түзүлгөн саясий абалды талкуулады.

«Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун айтымында, бул кыймыл парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда түзүлүп, анын курамына бир нече саясий партия кирген.

“5-октябрда люстрация болсун, жаңы жүздөр келсин деген ураан менен чыккан элек. Өзүңүздөр көргөндөй жаңы жүздөр аз болууда. Бул эч кандай жаңылануу эмес. Жаштар курал катары колдонулуп жатат”,-деди Асанбеков.

«Тартип» партиясынын өкүлү Эдил Марлис уулу, өлкөдө Конституция тебеленип жатканын айтты.

«Үмүт» кыймылынын негизги максаты бийликти укук талаасына кайтаруу. Кыргызстанда мыйзам тебеленип жатат. Баш мыйзам мамлекет башчы, премьер-министр, сот тарабынан тебеленип жатат. Конституцияны ошол эле депутаттар жазып, кабыл алган. Алар укуктук талаадан чыгып кетишти. Ким болбосун колубузда бар мыйзамдарды сактайлы. Мен жетекчимин демек, мен мыйзаммын дегенден алыс бололу. Бийликтен кыска мөөнөттүн ичинде укуктук талаага кайтып келишин талап кылабыз»,-деди Марлис уулу.

Жыйындын соңунда мына ушул маселелер камтылган резолюция кабыл алынды.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык күчөп, өлкөдө бийлик алмашкан. Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун так датасы аныктала элек. Жаңы бийлик ага мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа өткөргөндөн кийин киришерин айтууда.

Количество просмотров: 86