«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган бир топ партиялар «Үмүт» аттуу саясий кыймылына бирикти. Бул тууралуу алар 28-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлашты.
Кыймылдын өкүлдөрү парламентке кайра шайлоону Конституцияга ылайык, 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышууда.
Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарган жана кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Парламент мыйзамга бул шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү тууралуу өзгөртүү киргизип, аны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бекиткен. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. БШК жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айткан.
Садыр Жапаров парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өтөрүн билдирген.