Маалыматтык таштанды деген эмне, аны кантип айырмалайбыз жана маанилүү эмес маалыматтык ызы-чуудан кантип алыс болуп, чыныгы маанилүү нерселерге көңүл бурабыз? Бул тууралуу биздин видео-эксплейнерден билесиз.
Күн сайын сен маалыматтардын чоң агымын кабыл аласың. Бирок, ошол жаңылыктардын баары маанилүүбү?
Маалыматтык таштанды – бул алдын ала пландаштырылган жаңжал.
Анын максаты — коомчулуктун көңүлүн чыныгы көйгөйлөрдөн буруп, элди ачуулантуу же ажырым пайда кылуу. Коомду экиге бөлүү
Маалыматтык таштанды – ар дайым эмоцияга негизделет! Ачууландыңбы? Түшүнбөй калдыңбы? Демек, ал иштеп баштады!
Аны үч белги аркылуу байкаса болот: эмоция, сенсация жана тайминг.
Эсиңдеби, Балыкчыдагы Зевс жана Посейдондун айкели тууралуу чатакты?
Баары “бутпарасттыкты” талкуулап жатып калышт, ал эми ошол эле учурда биздин көл кирдеп жатат…
Же чуу салган көйнөк кийген блогердин видеосубу?
Бул сыңары жаңылыктар көңүлдү алаксытып, актуалдуу маселелерди талкуулоонун ордуна хайпка буруу үчүн атайын көбүртүлүп-жабыртылат.
Сен күн сайын маалымат менюсундагы “тамакты” өзүң тандайсың.
Маалыматтык таштанды – бул фастфуд. Ал эми текшерилген маалымат – бул пайдалуу тамак.
“Ойлон” – сенсация эмес, чындык маанилүү!