• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан бошотулду

25 Жалган куран 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан бошотулду. Маалыматты аталган министрликтен ырасташты.

Министрдин орун басарлары эмне үчүн кызматтан бошотулганынын себеби азырынча белгисиз.

Кошумчалай кетсек, Каратаев Мадаминжан Мусаевич министрдин орун басары болуп 2018-жылдын июнь айында дайындалган. Ал эми Нурболот Үсөнбаев өткөн жылдын 9-апрелинде министрдин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка ошондогу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Количество просмотров: 2121