• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каратаев: Орусиянын вакцинасын сатып алуу планда бар

16 Баш оона 2020 16:16 Бишкек Govori.TV

Орусияда иштелип чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча пландар бар. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Орусияда иштелип чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча пландар бар. Биз азырынча ал вакцина канча санда чыгарыларын билбей жатабыз. Орусияда вакцина чыгып, далилденген болсо аны алганга даярбыз», — деди Каратаев.

Эске салсак, Орусиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте Гамалея илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцина 11-августта дүйнөдө биринчилерден болуп катталган. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин анын кыздарынын бири вакцинаны сынап көргөнүн айткан.

Количество просмотров: 68