“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
Алардын бири Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келген 20 жаштатренингы Нуриза Мадаминова.
«Учурда И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде 4-курстун студентимин. Мындан тышкары, визажист жана фешн-дизайнер болуп эмгектенем. Мен элеттеги айымдарга сулуулук тартуулагым келет. Бүгүнкү күндө аялдардын укуктары тебеленип калган жагдайлар көп болууда. Бул тренингден аялдардын укуктарын билгим келет. Келечекте мугалим болсом деген тилектемин»,-деди ал.