Бишкек.25.12.2018.Govori.TV
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова ордун башка бирөөгө өткөрүп берет. Бул тууралуу ал жеке баракчасына пост жарыялап, көпчүлүктү кабардар кылды.
Ал билдирүүсүндө бул чечимди өзү чыгарганын жана беш жыл ичинде кызматташкан бардык өнөктөш, кесиптештерге ыраазычылыгын билдирип, тарыхта кала турган чоң чечимдерди чыгарууга жардамчы болгонуна сыймыктана турганын жазды.
“Кетип жатканымдын себеби жаңы мүмкүнчүлүктөргө, жаңы идеяларга ордумду бошотуп берүүгө убакыт келди. Мен кызматташууга дайыма кайсы тармак болсо даярмын жана дагы да биздин өлкөгө, элибизге кызмат кыла берем”,-деп жазды Темирбекова.
Эскерте кетсек, Айнура Темирбекова 2013-жылдын 29-августунда кызматка дайындалып, 2015-жылдын августуна чейин иштеген. 2015-жылы Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан депутаттыкка талапкер болуп катталган. Кайрадан 2015-жылдын декабрында министрдин орун басары кызматына келген.