Бишкек.26.12.2018.Govori.TV
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эстрада ырчысы, улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу Ботбай Куланбаев дүйнө салды.
Ботбай Куланбаев 1949-жылдын 13-февралында Ысык-Көл районунун Тору-Айгырайылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаардык педагогикалык институтуна тапшырып, аны 1979-жылы аяктаган.
1982—89-жылдары «Кыял» элдик көркөм кооперациясынын Караколдогу улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу бөлүмүндө мастер, 1989-жылдан «Насыйкат» кичи ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
“Боз салкын” ыр-бий ансамбли менен Ливияда, Түркияда, Сомалиде, Италияда гастролдо болгон. Италияда жеке концерт берген. 1991-жылдан бери И.Туманов атындагы музыкалык окуу жайда иштеп келген.
Ботбай Куланбаев Тору-Айгыр айылында эртең акыркы сапарга узатылмакчы. Артында 2 уулу, кыздары калды.