• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Маданият ишмерлери Чыңгыз Айтматовдун бейитине барып гүл коюшту

7 Бештин айы 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-декабрда “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалын утурлай, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине барып гүл коюшту.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, жакындары катышты.

Белгилесек, 7- 12-декабрь күндөрү Бишкек шаарында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышат.

Количество просмотров: 66