• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маданият кызматкерлери казынага 1,5 миллион сомдук зыян келтиришкен

18 Аяк оона 202411:10 Бишкек Govori.TV

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1,5 млн. сомду ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын текшерүүсүнөн улам Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталган. Маданият кызматкерлери көптөн бери өздөрүнө «аванс» түрүндө акча жазып келишкени, бирок ал айлык акыларынан кармалбай келгени ачыкка чыкты.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бухгалтердик текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында келтирилген зыяндын суммасы 1 млн. 588 миң сомду түзгөн.
Мындан улам суракка алынган Т.Ы., Ж.Т., А.А., Р.М., А.М., Р.Б. жана Г.А. жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы акчаны ыйгарып алганын моюнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурган.

Количество просмотров: 573