• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Маданият министрлиги депутаттын айткандарын четке какты

2 Бирдин айы 2023 9:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов тарабынан айтылган “маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын ала албай жатышат» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик тарабынан маданият мекемелеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, ай сайын акча каражаттар өз убагында ачылган. Мыйзам тарабынан корголгон тиешелүү беренелер (эмгек акы, эмгек өргүү, коммуналдык чыгымдар) биринчи кезекте кечиктрилгис болуп каржыланат. Андыктан, эмгек акы жана эмгек өргүүгө чыкканда берилүүчү каражаттар берилбей атат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Министрликке караган облустардагы медиа борборлор Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өтүп жаткандыгына байланыштуу алар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп жатат. Тиешелүү юридикалык документтер таризделген соң, январь айындагы каржылоо ачылат. Акча бүгүнкү күндө даяр жана ал министрдин көзөмөлүндө»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-февралда эл өкүлү Кундузбек Сулайманов маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын ала албай жатышканын айтып чыккан.

Количество просмотров: 34