• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Маданият министрлиги Донбасс тууралуу тасмаларды көрсөтүүгө кайра тыюу салды

24 Чын куран 2022 4:36 Бишкек Govori.TV

Маданият министрлиги Орусиянын Донбасс тууралуу даректүү тасмаларын көрсөтүүгө кайра тыюу салды. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов Фейсбук баракчасына жазды.

«Россиялык “Гармония” маданий борбору Кыргыз Республикасынын аймагында “Время правды” аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган. Ошондуктан аталган маданий борбор 2022-жылдын 18-апрелинде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемесине кайрылган. Аталган тасмалар Кыргыз Республикасынын аймагында тасмаларды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы №509 “Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө” токтомуна ылайык каралды. Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат»,-деп жазган ал.

Количество просмотров: 88