• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Маданият министрлиги: Журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын курстар уюштурулат

19 Чын куран 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

ЖМКларда жазуу эрежелеринин жана адабий тилдин ченемдеринин сакталышы мониторинги талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Мониторинг ишине жалпысынан мамлекеттик жана менчик 49 ЖМК, анын ичинде 36 ТВ, 9 радио жана 4 гезит тартылган. Ар бир ЖМКнын 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары ичиндеги бир жумалык иши (берүүлөрү, уктуруулары, продукциялары) талдоого алынган. Жыйында мониторинг учурунда аныкталган кемчиликтер, аларды жоюу жолдору талкууланды.

«Журналисттердин сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын курстарды уюштуруу маселелери каралды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 64