Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишмердүүлүгү боюнча 77 арыз түшкөн. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
«Биз белгилүү бир сайтты жабуу боюнча чечим кабыл албайбыз. Эгерде жеке жаран же юридикалык жак кандайдыр бир медиа алардын аброюна шек келтирүүдө десе, анда алар бизге кат түрүндө кайрыла алат. Биз 24 сааттын ичинде арыз түшкөн ЖМКга мониторинг жүргүзөбүз. Эгерде арызда көрсөтүлгөн нерсе анык болуп, документтер менен тастыкталса, анда биз Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу эскертүү беребиз», — деди ал.